23:46 7 октября 2020

Борбордук Азия окуу жайларынын ортосунда онлайн тегерек стол уюштурулду

“Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын өнөктөш жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттеринин ортосунда академиялык мобилдүүлүктү уюштуруунун приоритеттери жана маселелери" деген темада Ош мамлекеттик университети эл аралык онлайн тегерек стол уюштурду.

Ага 15тен ашуун окуу жайдын окуу, илимий иштер, эл аралык кызматташтык боюнча проректорлору, сырткы байланыштарды тейлеген департаменттеринин, башкармалыктарынын башчылары, эл аралык байланыштар бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле окуу-маалыматтык жана окуу-методикалык түзүмдөрүнүн кызматкерлери, факультеттеринин декандары, кафедра башчылар катышышты.

Иш-чара COVID-19 пандемиясы шарттарында өнөктөштөр ЖОЖдор менен академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу маселелерин чечүүгө, мындан аркы приоритеттүү багыттарды талкуулоого багытталды.

Жыйын эл аралык байланыштар департаменти тарабынан демилгеленип, аны директор А.О. Абдувалиев алып барды. Ал өзүнүн “Академиялык мобилдүүлүк: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору (ОшМУнун мисалында)” деген докладында кесиптештерин студенттик алмашууга карата ОшМУнун бай тажрыйбасы менен тааныштырып, бул иш-аракетти жүзөгө ашырууда келип чыккан кыйынчылыктарды атап, аларды чечүү механизмдерин санап өттү. Ошондой эле Худжанд мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Бободжона Давлатзода Рухсора, М. С. Нарикбаева атындагы Казак мамлекеттик юридикалык университетинин академиялык мобилдүүлүк маселелери боюнча менеджери Амантай Акботка, Ташкент химиялык-технологиялык институтунун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Бабаханова Зебо Абдуллаева ж.б. аталган багыт боюнча өздөрүнүн окуу жайларында жүрүп жаткан жумуштар боюнча презентацияларды жасашты.

Виртуалдык жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ич ара пикир алмашышып, идеялар, сунуштар менен бөлүшүшүп, алдыдагы пландарды биргеликте талкуулашты. Андижан мамлекеттик медициналык институтунун эл аралык байланыштар боюнча проректору Камолиддин Салахиддинов учурда окуу жайларда билим берүү жана баалоо системаларынын ар башка экендиги академиялык мобилдүүлүктү толук кандуу ишке ашырууга бөгөт болуп жаткандыгын, маалыматтык вакуум орноп калып, студенттердин кеңири катмарына мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтар жетпей жаткандыгын билдирди. Ташкент химиялык-технологиялык институтунун өкүлү Зебо Бабаханова алмашууларды Борборбодук Азия өлкөлөрүнүн окуу жайларынын ТIKA, Erasmus+ сыяктуу академиялык мобилдүүлүктү колдогон жалпы фондун же уюмун ачууну сунуштады. Ал эми ОшМУнун академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев академиялык мобилдүүлүктү дистанттык түрдө өткөрүү, белгилүү илимпоздордун онлайын курстарын уюштуруу, Болон процессинин кредиттик системасына ыктаган бирдиктүү принциптерди, жоболорду иштеп чыгуу зарыл экендигин белгиледи.

Жыйналыштын соңунда ишти мындан ары оптималдуу улантуу максатында 7 пункттан турган резолюция кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть