М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Д.Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык ВОЕНМЕХ университети менен университеттер аралык түзүлгөн келишимдин негизинде жогорку математика сабагы боюнча виртуалдык онлайн сабак өтүү жолдору талкууланып, макулдашылды.
Вебинарга ВОЕНМЕХ университетинин ректорунун жардамчысы Олег Киреев ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү иштери боюнча проректору, профессор Урмат Аттокуров, «колдонмо математика» кафедрасынын башчысы Айжаркын Аширбаева, аталган кафедранын доценти Гүлмира Сапарова катышты. Ошондой эле түзүлгөн келишимдин негизинде «2+2» программасын ишке ашыруу иштери каралууда.
Мындан ары да ОшТУ аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.