Мамлекеттик тилди өнүктүүрүгө жана тил саясатын өркүндөтүүдө кошкон зор салымы үчүн Эл аралык жогорку медициналык мектебинин бир катар окутуучулары жана студенттери Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланышты.
Ардак грамота:
- Урумова Айзада Беканазаровна – Эл аралык кызматташуу борборунун директору;
- Мукамбетова Жипара Калдыбаевна – декандын орун басары;
- Абхишек Каточ – 2020-жылдын бүтүрүүчүсү;
- Гаджендра Сингх Сисодия – студент
Алкыш баракчасы:
- Жунушова Каныкей Канатбековна – маркетинг жана бүтүрүүчүлөр менен иштешүү секторунун башчысы;
- Ахмад Имран – студент;
- Ришабх Шривастав – 2020-жылдын бүтүрүүчүсү;
- Майнак Хаснад Чоудхари – студент.