17:40 30 октября 2020

«Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аттуу макалалар сынагында баш байгени Медакадемиянын улук окутуучусу жеңди

23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө КР мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында 2020-жылдын 14-сентябрында бекитилген жобого ылайык «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы сынак жарыяланган.

Сынактын максаты — мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү мамлекеттик тилдин ролун, маанисин ачып берүү, коомчулукка жеткирүү, , жарандардын атуулдук активдүүлүгүн көтөрүү, мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу.

Баш байгеге «Массалык маалымат каражаттарынын сабаттуулугу» аттуу макаласы менен И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын улук окутуучусу, кыргыз тил боюнча комиссиясынын мүчөсү Касымбекова Нурида Жумагуловна ээ болду.

Сынакка 2020-жылдын 15-сентябрынан баштап 2020-жылдын 15-октябрына чейин жалпы 32 макала келип түшуп, ага бардык региондордон мектеп окуучулары, студенттер, орто жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары (анын ичинде математик, информатик, географ, тарыхчылар), журналисттер, аспиранттар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жигердүү катышты.

Келип түшкөн макалалардын арасынан сынактын жобосуна ылайык келген 21 макала тандалып, купуя түрдө ар бир макалага номер коюлуп, калыстар тобуна тапшырылды жана актуалдуулугу, жаңычылдыгы, сабаты, оригиналдуулугу, талдоо чеберчилиги критерийлеринин негизинде жеңүүчүлөр 5 баллдык система менен аныкталды.

Жеңүүчулөргө сыйлыкты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть