2020-жылдын 2-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУда КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан «Тилим жүрөгүмдө» акциясы жыйынтыкталды.
Аталган акцияга республикадагы бардык жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышты.
Салтанаттуу жыйынды И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору, профессор М.Джаманбаев ачып берди. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Н.Ишекеев иш-чарага активдүү катышкан мекемелердин кызматкерлерине, ЖОЖдун студенттерине атайын сыйлыктарды тапшырып, ыраазычылык билдирди.
Жыйынтыктоо салтанатына Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун өкүлдөрү жана студенттери катышты, андан сырткары, аймактагы ЖОЖдордун өкүлдөрү Zoom платформасы аркылуу катыша алышты.
Акция 2020-жылдын 14-сентябрынан 14-октябрына чейин өткөрүлгөн. Акцияга И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын окутуучу-профессордук курамынын жетекчилиги астында 53 видеоролик даярдалды. Бардык видеороликтер Фейсбук, Инстаграм жана башка социалдык тармактарга жайгаштырылып, эң мыкты деп аталган студенттер Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан белгиленип, кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
• Уранбек кызы Чолпонай, МТФ, ПМИ(б)-2-20 тайпасынын студенти;
• Дүйшөналы уулу Нурдин, МТФ, ПМИ(б)-2-20 тайпасынын студенти;
• Мукамбетова Сауле, МТФ, ПМИ(б)-2-20 тайпасынын студенти
• Кириченко Юлия, ИЭФ, ИСТ-1-20 тайпасынын студенти;
• Халибекова Селем, ИЭФ, МЕН-1-20 тайпасынын студенти;
• Турдалыев Алмазбек, ЭФ, ЭЭ(б)-1-20(C) тайпасынын студенти;
• Турдиева Карина, ТФ, ТПППЖПг(б)-1-20(МЛ) тайпасынын студенти