13:59 5 ноября 2020

ОшМУда кичи футбол боюнча «Ректордун кубогу» өттү

Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда кичи футбол боюнча «Ректордун кубогуна» арналган мелдеш болуп өттү. Оюн 3-4-ноябрь күндөрү болду.

Пандемия учурунда окутуучулардын ден соолугун чыңдоо, дене тарбияны жана спортту даңазалоо максатында уюштурулган мелдешке жалпысынан 18 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин командасы, 2-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин командасы, 3-орунду университеттин АЧД командасы, 4-орунду табият таануу жана география факультетинин командасы ээлешти.

Сыйлоо аземине ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков катышып, мелдеш жамааттын ден соолугун чыңдоо, биримдикти, достукту бекемдөө максатында уюштурулгандыгын белгилеп, футболчуларга ден соолук, иштерине ийгилик каалады. Бул мелдеш жыл сайын салтка айланып өткөрүлөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть