9:39 24 ноября 2020

КМТУда «Мыкты видеосабак - 2020» деген аталыштагы эң мыкты видеосабакка сынак жарыяланган

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Мамлекеттик тил бөлүмү КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын 2020-ж.7-сентябрындагы билдирүүсүн, КР Билим берүү жана илим министрлигинин 774/1 буйругун жана КМТУнун ректорунун №1/127, №103 буйруктарын аткаруу максатында Мамлекеттик тил күнүн белгилөөнүн эки айлыгын жарыялаган. 20-ноябрда эки айлык иш-чаранын жыйынтыктоо аземи болуп өттү.

КМТУда мамлекеттик тилде окутуу, аны ишмердүүлүктүн бардык багыттарында кенири колдонууну жогорулатуу максатында жана тил саясатын өркүндөтүүгө багытталган “Мыкты видеосабак - 2020” деген аталыштагы эң мыкты видеосабакка сынак жарыяланган. Сынактын максаты – университеттеги эң мыкты окутуучулук-профессордук курамынын эмгегин, чыгармачыл изденүүсүн баалоо, алардын тажрыйбасын жайылтуу болду. Ѳнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректор Б.Т.Тѳрѳбеков аталган сынак учурдагы ѳлкөдөгү пандемия шартында КМТУнун профессордук-окутуучулук жамаатынын алдыңкы заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын сунуштоо, жайылтуу формаларынын бири деп¬ белгиледи. Сынакты өткөрүү аркылуу техникалык билим берүүнү жакшыртууга, мыкты педагогикалык тажрыйбаларды таратууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сынакка келип түшкөн видеоматериалдарды баалоо үчүн эксперттик комиссия сынактык материалдардын мазмунуна, сынактын шарттарына туура келүүсүнѳ, актуалдуулугуна, учурдагы билим берүүнүн талаптарына, билим берүү стандарттарына туура келүүсүнѳ, алдыңкы билим берүү жана санариптик технологиялардын жетишкендиктерин киргизүүсүн¬ѳ кѳңүл бурушту. Ошондой эле, окутуучунун предметтик компетенттүүлүгү, кеп маданияты, педагогикалык баарлашуусунун стили да бааланды.

Сынакка жалпысынан 11 катышуучудан 20 видео катталды. Алардын ичинен атайы түзүлгөн комиссия тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды. Сынактын жыйынтыгы боюнча катышкан окутуучуларга тѳмѳнкүдѳй орундар ыйгарылды:

Эң мыкты видеосабак сынагынын жеңүүчүсү “Телекоммуникациядагы маалымат системалары жана технологиялары” кафедрасынын улук окутуучусу Г.Т.Каримова; II орун: “Инженердик жана компьютердик графика” кафедрасынын улук окутуучусу Сагынбекова А.К.; Политехникалык колледждин окутуучусу Тынышова А.М.; “Коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы” кафедрасынын окутуучулары Байгазиева А. С., Кошоева Т.Р., Саалиева А.Н., Алмазбекова А., Муратбек к. М.; III орун: “Электроэнергетика” кафедрасынын доценти Табалдиева Н.Д.; “Экономикалык коопсуздук жана маркетинг” кафедрасынын улук окутуучусу Элчибаева А.З. жана «Чет тилдер» кафедрасынын ул.окутуучусу Абылаева А.А. Жеңүүчүлѳргѳ грамоталар жана акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

Ошондой эле, эске сала кетсек эки айлык иш-чаранын алкагында университетте “Тилим жүрөгүмдө” аталышындагы акция жарыяланган. Акцияга жалпысынан 53 видео катталды. Атайы түзүлгөн комиссия акциянын жыйынтыгын чыгарып I орунду ПМИ(б)-2-20 тайпасынын студенттери: Уранбек кызы Ч.,; Дуйшеналы у.Н., Мукамбетова С.; II орунду ИЭФтин ИСТ(б)-1-20, М(б)-1-20, МЕН(б)-1-20, ЭКО(б)1-20 топторунун бириккен командасы (башталгыч топтун студенттерине); III орунду Турдалыев А., ЭЭ(б)-1-20;Турдиева К., ТПППЖПг(б)-1-20(МЛ) тайпасынын студенттери алышты.

“Мыкты көркөм окуу” номинацияларында I даражадагы диплом: Бактыбек у.С., КГТИ, ИЗг(б)-1-20; Женишбек у.Н., ИЭФ, ЭКО(б)-2-20; Жаныбекова А.М.; ТПППЖП(б)-1-20(МЛ); II даражадагы диплом: Омурова А.З., ИЭФ, ЭКО(б)-2-20; Садирова Н.А., ТКИЛП(б)-1-20(ТШИ); Позднякова А.С., ТППРС(б)-1-20(БКПП); III даражадагы диплом: Асанбекова А.Т., ТПООП(б)-ИСОП-1-20; Бексултанова Б.Б., ИСиТ(б)-1-20(ЭКО);Алмазбекова Н.А., ЭФ, ТБ(б)-1-20. Аталган студенттерге КМТУнун Ѳнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Т.Тѳрѳбеков дипломдорду жана китептерди тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть