17:29 23 ноября 2020

ОшМУда Илим күнү белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 23-ноябрда Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, илимде ийгиликке жеткендер сыйланды.

Иш-чарага ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы катышты, ошондой эле Zoom платформасы аркылуу да онлайн чагылдырылды. Жыйынды алып барган ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Байыш Осумбеков жамаатты майрамы менен куттуктап, университетте илим чөйрөсүндө аткарылып жаткан иш-аракеттерди айтып өттү.

Профессордук-окутуучулук жамаатты куттуктаган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков республикада илим жаатын өнүктүрүү багытында жүрүп жаткан иштерди белгилөө менен ОшМУда илим изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, ийгиликтер да арбын экендигин айтты. Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайлардын, илимий-изилдөө органдарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзгөн мониторингинде жогорку окуу жайлардан Ош мамлекеттик университетине I даражадагы диплом ыйгарылгандыгын белгиледи. Университеттин жалпы рейтингин аныктоочу тыянактарда 60% университеттин илимий жетишкендиктерине баа бериле тургандыгын, 3 жыл аралыгында НААР көз карандысыз агенттиги тарабынан өлкө боюнча университеттердин жалпы рейтинги чыгарылып, ОшМУ генералдык рейтингде 1-орунду алып келе жаткандыгы сыймык экендигин айтты. Ошондой эле быйылкы жылы да SCOPUS жана Web of science системаларында жарык көргөн макалаларга 10 миң сомдон сыйлыктар берилээрин билдирди.

Салтанаттын жүрүшүндө 2019-2020-окуу жылында жарык көргөн эмгектер үчүн өткөрүлгөн «Мыкты монография − 2020», «Мыкты окуу куралы −2020” , «Мыкты окуу-усулдук колдонмо − 2020» конкурстарынын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом жана 1-оунду алган окутуучуларга 5000 сомдон, 2-орунду алган окутуучуларга 4000 сомдон, 3-орунду алган окутуучуларга 3000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан каржыланган жана гриф менен чыккан окуу китептери − 2020” номинациясы боюнча жеңишке жеткен 4 окутуучуга диплом жана 5000 сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

Ошондой эле SCOPUS системасында жарык көргөн 18 окутуучунун макалаларына, Web of science системасында басмадан чыккан 11 макаланын авторлоруна, 1 пантенттин, 37 автордук күбөлүктүн ээлерине да акчалай сыйлыктар, дипломдор тапшырылды.

Жыйындын соңунда бир жыл аралыгында университетте доктордук диссертациясын коргогон 3 илимдин докторуна жана 4 илимдин кандидатына дипломдор тапшырылды. Докторлук диссертациясын коргогондор үчүн университет тарабынан 100 миң сом, кандидаттык диссертациясын жактагандар үчүн 50 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилип келет.

Илим күнүнө арналган иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть