10:31 25 ноября 2020

КМТУда «Инновациялык билим берүүдө мамлекеттик тилдин келечеги» конференциясы өттү

2020-жылдын 20-ноябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында “Инновациялык билим берүүдө мамлекеттик тилдин келечеги” аталышындагы онлайн республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Учурда өлкөдө жүрүп жаткан пандемия кырдаалына байланыштуу аталган иш-чара онлайн форматында өткѳрүлдү.

Конференцияны КМТУнун Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Т.Төрөбеков ачып берди. И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, физико-математика илимдеринин доктору, профессор Султаналиева Рая Мамакеевна конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасында ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча адистери, окутуучу-профессордук курамы жана мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кызыкдар болгон илимий кызматкерлер катышты. Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тил билим берүү жана башкаруу чөйрөсүндө, санариптештирүү доорундагы окутуунун инновациялык усулдары жана технологиялары, тармактык терминдер жана котормолор сыяктуу темалардын алкагында кызыктуу баяндамалар угулду. Конференцияда жалпысынан 15 жогорку окуу жайдан 36 баяндама окулду.

Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть