8:12 26 ноября 2020

ОшМУнун ректорунун кубогуна арналган интеллектуалдык оюн өттү

Ош мамлекеттик университетинде “Жаштар-илим, искусство, маданият” айынын алкагында 24-ноябрда ОшМУнун ректорунун кубогуна арналган Ош шаарындагы ЖОЖдор арасындагы студенттердин интеллектуалдык оюну болуп өттү.

“Билерман ордо телеоюнунун негиздөөчүсү Талантбек Канатбек уулу, Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Изатбек Берхмаматов, Кыргыз-өзбек университетинин карьера борборунун жетекчиси Сагынбек Маманов, ОшМУнун академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев ж.б. эксперт болуп беришти. Оюнду ачык, адилеттүү жана таза өткөрүү максатында суроолор жюрилер тарабынан түзүлдү. Катышуучулардын билимин жана зиректигин текшерүү үчүн "Kahoot" технологиясынын жардамында дагы тапшырмалар берилди.

Интеллектуалдык оюнга жалпысынан 5 команда катышып, жыйынтыгында: 1-орунду (10 миң сом) Ош мамлекеттик университетинин командасы, 2-орунду (7 миң сом) Ош мамлекеттик юридикалык институтунан келген команда, 3-орунду (4 миң сом) Кыргыз-Өзбек университетинин командасы ээледи.

Өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин көрсөтө алган студенттерге "Мыкты оюнчу", "Мыкты капитан", "Жаш интеллект", "Билерман оюнчу" номинациялары жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Оюн ОшМУнун тарбия департаменти жана студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулду.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде ректор К. Кожобеков студенттерди билим майрамы менен куттуктап, жаштардын интеллектуалдык жактан өнүгүүсүн, алардын ортосунда достук мамилелерди орнотууну шарттаган мындай конкурстарды мындан ары дагы башка окуу жайлар улантып, керек болсо, республикалык деңгээлде өткөрүү зарыл экендигин белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть