Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исфайрам орто мектебинде 3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди коргоо күнүнө карата кайрымдуулук иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мектеп директору К.Рысбаев билдирди.
Мектепте мугалимдерге атайын кайрымдуулук акциясы өткөрүлүп, чогулган каражат мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга материалдык жана моралдык жардам катары берилди.
Мындан сырткары, 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата мектепте атайын иш-чаралар өткөрүлүп, окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.