14:49 7 декабря 2020

ОшТУда 3 күндүк онлайн курс уюштурулду

Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинде окуу иштери боюнча декандын орун басары Бекзат Тагаев, окуу-методикалык иштери боюнча төрайым Салтанат Оморова тарабынан уюштурулган «Аралыктан окутууну үйрөн» деген темада 3 күндүк онлайн курс уюштурулду.

Онлайн курсту «Мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер» кафедрасынын кыргыз тили жана адабияты окутуучусу Надилбек кызы Бегимай өтүп берди.

Курста окутуунун интерактивдүү ыкмасын үйрөтүү менен жаңы заманбап онлайн тест түзүүнүн бир нече түрү менен тааныштырды.

Иш-чаранын максаты - заман талабына ылайык, мугалимдерге онлайн сабактарды өтүүдө, кайтарым байланыштарды алууда жардам берүү. Ошондой эле Окутуучуларга сабак өтүү үчүн жаңы технологияларды колдонууну үйрөтүү менен сабактын сапатын заманбап деңгээлге көтөрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Курста окутуучулар өз предметтери боюнча сабактарды Google Classroom платформасында иштөөнү, ар кандай оюн түрүндөгү тесттердин түрлөрүн сайт аркылуу онлайн викторина түзүүнү, Triventy платформасында аралыктан иштөөнүн мүмкүнчүлүктөрүн үйрөтүүнү, тест түзүү, Мультиурок, Peardeck программасы аркылуу интерактивдүү онлайн сабак жасоону, студенттер менен иштөөнү үйрөнүштү. Жалпы курска 40тан ашуун окутуучулар активдүү катышып, өз ойлорун айтуу менен уюштуруучуларга жана лекторго ыраазычылыгын билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть