Ош мамлекеттик университетинин «Билим» лицейинин 11-классынын окуучусу Жумабаев Искендер Ош шаарындагы мектеп окуучулары арасында өткөн кубикти бат топтоо боюнча өткөн сынагында 1-орунду жеңди.
Ал кубикти 14 мүнөт 85 секундда топтоп, буга чейинки рекордду жаңылады.
Мелдеш Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан ойнлайн уюштурулуп, 1-орунга ноутбук, 2-орунга планшет, 3-4-5-орундарга телефон жана жигердүү катышкан алдыңкы 5 окуучуга смарт-сааттар коюлган эле.