Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Исфайрам» орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу мектептин директору К.Рысбаев билдирди.
Мектепте жазуучунун өмүрү, чыгармачылык жолуна арналган атайын бурчтар уюштурулуп, тарбиялык сабактар өткөрүлдү.
«Айтматовдун ааламы», «Жазуучунун чыгармалары ар дайым жүрөгүбүздө» деген темаларда окуучулар арасында сүрөт сынагы, жаш калемгерлер арасында жазуучунун балалыгы жөнүндө дилбаяндар, ырлар жазылды.