13:13 14 декабря 2020

ОшМУда «Мекен. Мезгил. Адабият» аттуу онлайн-маек уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде 12-декабрь — Адабият күнүнө карата »Мекен. Мезгил. Адабият» аттуу онлайн-маек уюштурулду.

Адабият күнүнө карата уюштурулган онлайн-маектин коноктору ф.и.д, профессор Үмүт Култаева, ф.и.д, профессор, жазуучу, публицист окумуштуу Абдыкерим Муратов, Кыргыз Эл жазуучусу, учурда Түрк элдер кеңешинин генералдык секретарынын орун басары Султан Раев, т.и.к., доцент, адабиятчы, этнограф Абдимиталип Мурзакметовдор болду.

Бүгүнкү адабий процесс, жаштардын адабиятка болгон кызыгуусу, жаш, чышармачыл жазуучу акындардын дарамети кандай, аларды өнүктүрүү, чеберчилигин арттыруу үчүн кандай иш-аракеттерди көрүү керектиги боюнча профессор Үмүт Култаева сүйлөп берди.

Ал эми ф.и.д, профессор Абдыкерим Муратов Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы адамзат баалуулуктары, эркиндиги, адабияттын жаштарды тарбиялоодогу орду тууралуу баяндап өттү.

«Ош мамлекеттик университетине байланышка чыгып жатканыбыз өзү символикалуу, анткени Үмүт Баймуратова экөөбүз Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөнбүз, Султан Раев ОшМУнун ардактуу профессору, Абдимиталип болсо туулгандан бери тагдыры ОшМУ менен байланышта болуп келгендей.

Адабияттын негизги мааниси – бул адеп. Адабияттын адептик жагы биринчи орунга чыгыш керек. Биздин адабияттын мазмунун көтөрүп турган 2 нерсе бар, биринчиси – «Манасыбыз», экинчи – Айтматовубуз. Айтматовдун ар бир чыгармасынан биз балдарга таалим-тарбия берүүчү, таасир берүүчү нерселерди табууга болот. Адабият учурда бул окурман үчүн кызмат кылбастан, коммерциялык багытта кызмат калып жатат – бул биздин трагедиябыз. Бизде адабият маалымат каражаттары аркылуу окурманга жетпей жатат. Адабий көрсөтүүлөрдүн саны кыскарып кетти. Болгон учурда да көрүүчүлөр аз болуп жатат», - деген пикирин айтты Абдыкерим Муратов.

Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев бүгүнкү күндөгү адабий тенденция, адабият бүгүнкү күндү жазыш керекпи, келечекти жазыш керекпи, же өткөн доорду жаштарга баяндап бериш керекпи, бүгүнкү жаштарга адабиятты кандай кылып сунсак, кантип жеткирсек жугумдуу болот деген суроонун айланасында ой бөлүштү.

«Адабият – адамдын руханий түбөлүктүү баалуулугу, адам жашап жатканда сөзсүз түрдө адабият жашайт. Азыр дүйнөнүн баары мобилдик дүйнөгө кирип кетпедикпи. Айтматовдун улуулугу ал дүйнөгө маңкурт философиясын, эс-тутум консептин киргизгендигинде. Бул Айтматовдун бир кылым алдыга кеткен ойлоо маданиятынын тереңдигин көрсөтө алат. Азыр манкуртизм деген маселе биринчи планга чыкты. Айтматовдо маңкурт физикалык жол менен боло турган болсо, биз азыр өзүбүздөн-өзүбүз, табигый жол менен бүгүнкү процесстен өзүбүз эле маңкурт болуп баратабыз. Себеби коомдо, дүйнөдө болуп жаткан бардык нерселер адамды ошол нерсеге түртүп жатат. Азыр адамдын ойлоосу, бүт нерсеси колундагы мобилдик телефонго кирип кетти. Ошондуктан бул жерде көп ойлоно турган нерселер бар. Адамдын жашоо философиясы, ой жүгүртүү философиясы, бүгүнкү карама-каршылыктар, дүйнөлүк альтернатива адамды башка нукка салышы керек. Бул албетте өтө татаал процесс. Ошондуктан биз биринчи кезекте маданиятыбызды, адабиятыбызды, көкүрөгүбүздү биринчи планга койбосок, ушул жерде биз көзүбүз көргөн, көкүрөгүбүз көрбөгөн инсандарга айланып калышыбыз мүмкүн. Бүгүн маданиятын, адабиятын сыйлаган эл гана алдыңкы эл боло алат.

Ош мамлекеттик университети ушундай маселени көтөрүп жаткандыгына ыраазычылык билдирем. Ош университети алдыңкы ойлордун, алдыңкы көз караштардын аянтчасы болуш керек. ОшМУ – Кыргызстандагы эң авангард университеттердин бири», - деди өз сөзүндө Султан Раев.

Адабиятчы, этнограф Абдимиталип Мурзакметов китеп адамдын дүйнөгө болгон көз карашты кантип өзгөртө алат, биздин сөз байлыгыбызга, ой жүгүртүүбүзгө, дүйнө таанымыбызга, жазуу маданиятыбызга кандай таасир этет, учурда кандай китептерди окусак болот деген ойлордун айланасында сөз кылды.

Маек «Үмүт-ТВнын» YouTube каналынан жана ОшМУнун Фейсбуктагы расмий баракчасынан түз алынып берилди.

Адабият күнүнө карата уюштурулган онлайн-маекттин толук чыгарылышын төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар. https://www.youtube.com/watch?v=Bt13WaOUNgQ&fbclid=IwAR2mI0gdWfCpxlNulX0suACLehPSdxyRUZCZ-tIbeVA8zPuBV56t6GCAqLg

Онлайн-маек ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча департаменти, социалдык иштер жана тарбия департаменти менен биргеликте уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть