14:59 18 декабря 2020

ОшМУда академик Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 16-декабрда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагы боюнча сыйлыгынын лауреаты, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанат уюштурулду.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Алайчиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, ОшМУнун ректору К.Кожобеков, Ош шаарындагы ЖОЖдордун ректорлору, мамлекеттик ишмерлер, илимдин, билим берүүнүн, маданияттын кызматкерлери катышты.

Салтанат академик Б.Мурзубраимовдун өмүрүн, ишмердүүлүгүн чагылдырган видеобаян менен башталды. Жыйынга катышкан коноктор маараке ээсинин кыргыз илимине, билим берүүсүнө, коомдун өнүгүшүнө кошкон зор салымы, адамдык бейнеси тууралуу айтышып, мааракеси менен куттукташты. Ошондой эле ОшМУнун таланттарынын концерттик программасы тартууланды.

Бектемир Мурзубраимовдун өз өмүрүн илимге, билимге арнап, көптөгөн эмгектерди жаратты. Ош пединститутунда ага окутуучу, доцент, химия кафедрасынын башчысы, институттун проректору, 1986-жылы табигый география факультетинин деканы, 1988-1990-жылдары Парткомунун катчысы, 1990-жылда декан, 1993-1998-жылдары Ош технологиялык университетинин ректору, 1998-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган. ОшМУнун материалдык-техникалык базасын чыңдап, билим берүүнүн сапатын жакшырткан, Борбор Азиядагы билим берүү жаатында абройлуу ийгиликтерге жетишкен.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунда лаборатория башчысы, директор болуп иштеген. Ал 300дөн ашуун илимий жана илимий-методикалык макалалардын, 19 окуу куралы жана монографиялардын автору, 12 ойлоп табуучулукка автордук укукка ээ.

Б.Мурзубраимов — УИАнын корреспондент-мүчөсү, бир нече университеттердин (КТУнун, ОшТУнун, ОГПИнин) ардактуу профессору. Анын жетекчилиги менен 17 аспирант кандидаттык жана 2 докторлук диссертацияларын жакташкан.

Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланып, 15 жыл эмгектенген. Мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да кыргыз элине көптөгөн иштерди жасаган. Анын эмгеги жогору бааланып, III даражадагы «Манас» ордени, КМШнын парламент аралык «Достук» ордени, СССРдин жана КРнын элге билим берүүсүнүн отличниги, КРнын илим жана техника боюнча сыйлыгынын лауреаты, СССР ИАнын эстелик медалы, Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты, ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть