ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда академик Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык мааракесине карата «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү шартында химия, химиялык технология, айыл чарбасынын, экологиянын жана гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция болуп өттү.
Конференцияга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Иран, Малайзиядан илимпоз-окумуштуулар катышып, илимий табылгалары менен бөлүшүп, кызыктуу баяндамаларын жасашты.
Айрыкча, чет өлкөлүк илимпоздордун академик Б.Мурзубраимовду 80 жаш мааракеси менен куттуктоолору өзгөчө кызыгууларды жаратты.
Конференциядагы баяндамалар кыргыз, орус жана англис тилдеринде жасалды.