9:36 21 декабря 2020

ОшТУда академик Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Органикалык жана минералдык чийки заттарды кайра иштетүү лабораториясынын башчысы, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдыгына арналган «Санарип доорунда билим берүү жана илим тутумун өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган иш-чара Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталып, келген коноктор куттуктоолорун айтышты. Илимий конференция 104 макалалар менен 3 секцияда иш алып барып, баяндамалар жасалды. Иш-чара Zoom программасында жана https://www.instagram.com/oshtu/?hl=ru, www.facebook.com/pressaoshtu.kg баракчаларында трансляция аркылуу өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть