16:10 21 декабря 2020

ОшМУда онлайн сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды

ОшМУда ноябрь айы Социалдык жана тарбия департаментинин демилгеси менен «Жаштар – илим, искусство, маданият» айлыгы деп жарыяланган. Айлыктын алкагында университетте түрдүү иш-чаралар уюштурулду.

19-декабрда ОшМУда «Көгүлтүр от» иш-чарасынын алкагында «Жаштар – илим, искусство, маданият» айлыгынын жыйынтыгы чыгарылып, сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сыйлоо аземине катышкан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Социалдык жана тарбия департаментинин директору Жылдыз Артыкова студенттерди кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле сынактарга активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлеген студенттерге баалуу белектерди тапшырды.

Алгач мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган эссе жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Сынакка келип түшкөн 40 эссенин ичинен маани-маңызы, идеянын оригиналдуулугу, ой жүгүртүүсүнүн креативдүүлүгү жагынан «эң мыкты» деп табылган төмөнкү студенттер сыйланды.

«Исхак Раззаковдун улутка болгон камкордугу жана мамлекеттик ишмердиги» багыты боюнча:

  • Мулдалиева Адина – Чыгыш таануу жана тарых факультети – 1-орун
  • Ырысбек кызы Нуркан – Чыгыш таануу жана тарых факультети – 2-орун
  • Бекешова Асель – Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети – 3-орун
  • Кадырова Мадина – Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети
  • Бактияр кызы Асел – Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

«Исхак Раззаковдун тагдыры» багыты боюнча:

  • Заидов Азирет – ЧТжТ факультети – 1-орун
  • Сагынбекова Сезим – Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети – 2-орун
  • Маматмусаева Турсунай – Кыргыз-Россия факультети – 3-орун
  • Улукбек кызы Асем – Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети факультети
  •  Абдрасулова Бегимай – МИТ факультети

«Исхак Раззаковдун инсандык асыл сапаттары» багыты боюнча:

  • Мурзаева Алина –Бизнес жана менеджмент факультети – 1-орун
  • Бөрүбаева Дилнур – «Ыйман» лицейи, 8-класс – 2-орун
  • Даниярова Айкөл –Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети - 3-орун
  • Жунусалиева Айназик – Бизнес жана менеджмент факультети
  • Рустам уулу Артур – Бизнес жана менеджмент факультети.

«Манас» күнүнө карата Ош шаардык мэриясы тарабынан демилгеленип, уюштурулган «Манас» айтуу сынагынын женүүчүлөрү:

  • 1-орун – Афтандил уулу Рысбек- Бизнес жана менеджмент;
  • 2-орун – Кеңешбек кызы Уулкан - Кыргыз-Түрк факультети;
  • 3-орун – Рахманбердиева Тахмина - Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети.

Кызыктыруучу сыйлыктар:

  • Нуркамилов Нурмухамбет –Математика жана информациялык технологиялар факультети;
  • Иманалы уулу Нурболот - Чыгыш таануу жана тарых факультети;
  • Дагыбек кызы Уялкан – Педагогика, психология жана дене тарбия факультети;
  • Кыргыз-Кытай факультетинин кытай улутундагы окутуучулары.

ОшМУнун профсоюз комитети, тарбия департаменти, «Нур» гезити, «Жигер» чыгармачыл жаштар борбору тарабынан өткөрүлгөн атуулдук ырларды көркөм окуу онлайн эстафета сынагын жеңүүчүлөрү:

  • Кенжеева Айымтилла – Математика жана информациялык технологиялар факультети, 3-курс;
  • Турдали кызы Гулнур – Кыргыз-Европа факультети, 2-курс;
  • Дүйшөбай кызы Айзат – Педагогика, психология жана дене тарбия факультети;
  • Абдималикова Айсалкын – ОшМУ, Ыйман гимназиясы;
  • Бактыбек кызы Гүлнур – Кыргыз-Түрк факультети;
  • Абдыкадырова Айганыш – Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети;
  • Куттубек кызы Мээрим – Кыргыз-Түрк факультети;
  • Маматбакыт уулу Кадырбек – Математика жана информациялык технологиялар факультети:
  • Айбек уулу Даниел – ОшМУ, Ыйман гимназиясы
  • Бөрүбаева Дилнур – ОшМУ, Ыйман гимназиясы
  • Аманова Шахризат – ОшМУ, Ыйман гимназиясы

Жеңүүчүлөргө дипломдор, баалуу белектер тапшырылып, каалоо-тилектер айтылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть