18:30 22 декабря 2020

Билим берүү министри ОшМУнун медициналык билим берүүсү менен таанышты

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Ош мамлекеттик университетинде болду.

Министр окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан медициналык клиникасы, эл аралык медицина, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпустары менен жеринде таанышты.

А.Бейшеналиев факультеттерде дарылоо жана практикалык сабактарды өткөрүү кааналары жана жаңы жабдуулар менен камтылган виртуалдык лабораторияга кирип, студенттердин хирургия, педиатрия, урология, акушердик гинекология жана башка медициналык багыттар боюнча сабактарды өтө турган шарттарын карап чыкты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков пандемия шартында университетте окуу процессин дистанттык технологияларды колдонуу менен үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүүнүн түрдүү чаралары иштелип чыккандыгын белгиледи. Өзгөчө медицина багытында билим алып жаткан чет элдик студенттердин айрымдары Ош шаарында калып, билимин улантып жатышкандыгын белгилеп өттү. Алар менен жетекчилик, окутуучулар тынымсыз байланышып, кабардар болуп, сабактар үзгүлтүксүз берилип жаткандыгын кошумчалады.

Жолугушуунун алкагында министр онлайн сабактардын жүрүшүнө катышып, чет элдик студенттерге болгон билим берүү тууралуу маалымат алып, англис тилинде сабак берген окутуучулар менен жакындан баарлашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть