Ош технологиялык университетинде «2020-жылдын мыктысы» номинациясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
«Жылдын мыкты факультети» номинациясы менен кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультети I даражадагы диплом жана 20 миң сом акчалай сыйлык;
«Жылдын мыкты кафедрасы» номинациясы менен «Бухгалтердик эсеп жана» кафедрасы I даражадагы диплом жана 15 миң сом акчалай сыйлык;
«Жылдын мыкты лектору» номинациясы менен «Колдонмо механика» кафедрасынын профессору Маруфий Адилжан Таджимухамедович I даражадагы диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлык;
«Жылдын мыкты илимий изилдөөчүсү» номинациясы менен «Бизнести башкаруу жана социалдык иш» кафедрасынын башчысы Кедейбаева Жамал Арстаналиевна I даражадагы диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлык;
«Жылдын мыкты окуу-усулдук колдонмосу» номинациясы менен «Салык эсеби» окуу китеби — «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын профессору Абдиев Мурат Журатович I даражадагы диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлык;
«Жылдын мыкты магистранты» номинациясы менен «Автоунаа» кафедрасынын окутуучусу Кайназарова Гүлнара Мамбетаалыевна I даражадагы диплом жана 8 миң сом акчалай сыйлык;
«Жылдын мыкты окуу-усулдук лабораториясы» номинациясы менен «Байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары» кафедрасынын «Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары» лабораториясынын 1/219 каанасы, кафедра башчысы Мойдунов Тайыр Төлөнович I даражадагы диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлык;
«Жылдын мыкты административдик башкаруу аппаратынын кызматкери» номинациясы менен аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Азимова Алимакан Алибаевна I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 10 миң сом акчалай сыйлык;
«Жылдын мыкты куратору» номинациясы менен «Сызма геометрия жана графикалык дизайн» кафедрасынын ага окутуучусу Токтобаева Гүлбарчын Турсунбаевна I даражадагы диплом жана 7 миң сом акчалай сыйлык;
«Жылдын мыкты студенти» номинациясы менен технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин ЗЧС-18 тайпасынын студенти Топчубаев Максатали Абдулвахабович I даражадагы диплом жана 5 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.