Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 25-декабрда 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган 70 студентине президенттик стипендия тапшырды.
ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенти Бакиева Жыпаргүл жана математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Улукбек кызы Марина президенттин стипендиясына ээ болушту.
Өзгөчөлөнгөн студенттерди сыйлоо үчүн КР президентине караштуу билим берүү фондунан 3 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Студенттердин ар бири 50 миң сомдон стипендияга ээ болушту.