17:18 31 декабря 2020

ОшМУда Медиа лаборатория ачылды

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасында «Жеткиликтүү жана коопсуз турак жай шаары» долбоорунун алкагында Медиа лаборатория ачылды.

Медиа лабораториянын ачылыш аземине ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, Оштогу журналисттер, факультеттин окутуучулары, студенттер катышты.

Аталган долбоор ОшМУ, «Сорос-Кыргызстан» жана «Интербилим-Ош» коомдук бирикмелери тарабынан ишке ашырылган.

«Медиа лаборатория студенттер журналистиканын жаңы багыттары боюнча билимдерге ээ болуп, практикалык көндүмдөрдү жасоосуна шарт түзөт. Бул өнөркана журналистикага кызыккан бардык студенттер жана жаш журналисттер, блогерлер үчүн мектеп болот деген үмүттөбүз», - дейт ОшМУнун доценти, долбоордун демилгечиси, «Интербилим-Ош» коомдук бирикмесинин жетекчиси Г.Мамасалиева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть