12:56 16 января 2021

ЖАМУда «Хусейин Карасаев – залкар агартуучу» аттуу республикалык онлайн конференция өттү

2021-жылдын 14-январында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети КР прездентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен биргеликте кыргыз элинин көрүнүктүү агартуучусу, педагог, тилчи Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата «Хусейин Карасаев – залкар агартуучу» аталышындагы республикалык онлайн илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Конферецияны ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор К.Калчекеев ачып, ЖАМУнун ректору техника илимдеринин доктору, профессор К.Усеновго куттуктоо сөз кезегин берди.

Ректор К.Усенов кыргыз элинин даңктуу уулу Хусейин Карасаевдин эмгек жолуна, кыргыз тили багыты боюнча кайталангыз эмгектеринин, сөздүктөрүнүн орфография маселелерин козгогон олуттуу окуу китептеринин өзгөчөлүгүн талдап, конференциянын катышуучуларын куттуктады.

Конференцияга Ж.Баласагын атындагы КУУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун, Талас мамлекеттик университетинин, ОшМУнун, УИАнын Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты институтунун окумуштуулары, ЖАМУнун окумуштуулару жана студенттери катышып, мазмундуу баяндамалар жасалды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть