16:36 18 января 2021

ОшТУда бильярд боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин ортосунда бильярд боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдешке 30дан ашуун окутуучу-профессорлор катышып, кызыктуу таймаштарды тартуулашты. Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет, дешет уюштуруучулар.

Жыйынтыгында ОшТУнун бириккен профсоюз комитети тарабынан жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

1-орунду академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун дене тарбия окутуучусу Кубатали уулу Кубанычбек камсыздады.

2-орунду «Информатика» кафедрасынын окутуучусу Жороев Туйгунбек ээледи.

Ал эми 3-орунду Гуманитардык-технологиялык колледжинин «Экономика» кафедрасынын башчысы Баатыров Залкарбек алды.

Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын түшкү тамак уюштурулуп, эстелик үчүн белектер берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть