К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжи Япония өлкөсүндөгү Шихоро мектеби менен болгон кызматташтыктын алкагында «айыл чарбасындагы ишкердик жана агрономия» адистигинин студенттери жасап чыгарган экопродукцияларынын көргөзмөсү болуп өттү.
Бул иш-чарага Агрардык университеттин ректору Рысбек Нургазиев катышып, учурда экопродукция жана аны өнүктүрүү учурдун талабы экендигин баса белгиледи.
Колледждин чет мамлекеттер менен болгон кызматташуусу мындан ары да өнүгө берет.