16:01 19 января 2021

ОшМУда окутуучулар арасында өткөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде 19-январда профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда өткөн спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жамааттын биримдигин чыңдоо жана ынтымагын арттыруу, сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган иш-чарада жеңишке жетишкен командаларды куттуктап, ийгилик каалады.

Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте I орунду бизнес жана менеджмент факультети, II орунду Индустриалдык-педагогикалык колледжи, III орунду Медициналык колледжи алып, диплом, кубок, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Салтанатта ар бир спорттук оюндар боюнча да жеңүүчү командалар акчалай сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле мыкты оюнчуларга, мыкты калыстарга дипломдор тапшырылды.

Аталган спорттук мелдеш 12-15-январь күндөрү волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, баскетбол, кичи футбол оюндары боюнча өткөн. ОшМУнун ректораты жана профсоюз уюму тарабынан каржыланган спартакиаданын байге фонду 60 миң сомду түздү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть