13:32 21 января 2021

ОшТУ КМТУ менен кызматташууда

Ош технологиялык университетинде Дүйнөлүк банктын долбоору тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы логистика жана мамлекеттик сатып алуу үчүн изилдөө борборунун презентациясы болуп өттү.

Аталган иш-чара ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Төлөгөновичтин сөзү менен башталып, семинардын модератору, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Логистика» кафедрасынын башчысы Акылбек Уметалиев, финансы министрлигинин окуу борборунун Ош шаарындагы өкүлү Гүлзада Уметалиева, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Өзбек университетинин окутуучулары жана экономика жана башкаруу факультетинин жетекчилиги, окутуучулары катышты.

«Логистика» кафедрасынын башчысы А.Уметалиев түстүү презентация жасап, логистика жана мамлекеттик сатып алуу үчүн изилдөө борбору мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө туруктуу потенциалдын калыптанышына жана алардын кесипкөйлүүгүнө көмөктөшүүгө багытталгандыгын белгиледи. Анын Дүйнөлүк банктын саясатын жана жол-жоболорун илгерилетүүгө жана жүзөгө ашырууга арналган академиялык бакалавр, магистратура жана курстарды өркүндөтүүгө тийгизген таасирине өзгөчө басым жасады.

Семинар аталган тема боюнча кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен коштолду. Иш-чара «Экономика жана финансы» кафедрасы тарабынан уюштурулуп, мындан сырткары, аталган окуу жай менен кызматташуунун жолдору талкууланды. Мындан ары Ош технологиялык университети Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен терең кызматташмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть