15:36 25 января 2021

ЖАМУда АВН билим берүү порталындагы айрым өзгөрүүлөр боюнча семинар өткөрүлдү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУда 20-январда окуу бөлүмү башчысы З.Сакбаева маалымат-технологиялары жана компьютердик техникаларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы А.Термечикова, ошондой эле аталган бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен биргеликте «ЖАМУнун АВН билим берүү порталындагы айрым өзгөрүүлөр» деген темада семинар өткөрдү.

Семинарга декандар, директорлор, кафедра жана бөлүм башчылары катышты. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу окуу процессини онлайн режиминде, дистанттык формада өтүп жаткандыктан, АВН билим берүү порталында дагы бир нече өзгөрүүлөр жасалып жатат, башкача айтканда аралыктан иштөөгө ыңгайлаштырылууда. Семинардын катышуучуларына билим берүү порталындагы бир нече өзгөрүүлөр боюнча талкуу жасалды жана катышуучулар тарабынан дагы айрым сунуштар айтылды.

2020-2021 окуу жылынын 2-чи жарым жылдыгында да окуу процесси студенттерге гибриддик формада жүрүүсү сунушталгандыктан, окутуунун сапатын жогорулатуу максатында дагы аткарылуучу иштер айтылып, факультеттердин жана колледждердин жетекчилери менен биргеликте талкууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть