Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин «Экономика жана финансы» кафедрасы тарабынан студенттер үчүн «Кепилдик фонду — чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн куралы» аттуу конок лекция болуп өттү.
Аталган конок лекцияда «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров маалымат берди.
Иш-чарага экономика жана башкаруу факультетинин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышып, Ош облусундагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана Кыргыз Республикасынын экономикасына чоң салым кошуп, ийгиликтүү иштеп келе жаткан ишкерлер жөнүндө маалыматтар айтылды.
Малик Абакиров студенттерди билим алуу үчүн эмнеге умтулуу керектигин, убактыларын туура бөлүштүрүү, долбоорлорго активдүү катышуу, чет өлкөдөгү алдыңкы окуу жайларда стажировкалардан өтүү, чет тилдерин, маалыматтык технологияны терең өздөштүрүү, интернет ресурстарындагы кайсы маалыматтык базалар менен иштөө, студенттердин өз алдынча иштөөдө эмнеге көңүл буруу зарылчылыктарын айтып өттү.
Иш-чара суроо жооп менен коштолуп, студенттер жана окутуучулар берген суроолоруна жооп алышты.