И.Раззаков атындагы КМТУнун «Кыргыз тили» кафедрасы тарабынан 20-январда тилчи, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, алп агартуучу Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган тегерек стол уюштурулду.
Тегерек столго билим берүү жана илим жаатында эмгек сиңирген ишмер, эки жолку билим берүүнүн отличниги, филология илимдеринин кандидаты, профессор С.Бегалиев жана жазуучу, котормочу Ибрагим Түркхан, И.Раззаков атындагы КМТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Төрөбеков катышып, кызыктуу маек куруп беришти.