15:48 28 января 2021

Агрардык университетинин жогорку кесиптик билим берүү программалары эл аралык рейтингде байгелүү орундарга ээ болушту

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети 2020-жылы Евразия аймагындагы жогорку кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо жана рейтингин баалоо боюнча белгилүү болгон агенттиктин (НААР\IAAR) «Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын рейтинги-2020» сынагына катышкан.

Сынактын жыйынтыгында жогорку окуу жайлардын арасынан Кыргыз улуттук агрардык университети «Айыл чарбасы» багытындагы адитсерди даярдоо боюнча институционалдык рейтингде 1-орунга ээ болду.

Ошондой эле билим берүү программаларынын арасынан – 610300 – Агроинженерия (бакалавриат); 620200 – Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (бакалвриат, магистратура); 720200 – Биотехнология (бакалавриат) багыттары 1-орунга жетишип, эл аралык НААР\IAAR агенттигинин сертификаттары менен сыйланышты.

Сертификаттарды тапшыруу аземинде окуу жайдын ректору, УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Рысбек Нургазиев бул жетишкендиктер окуу программаларын ишке ашырып жаткан кафедралардын, деканаттардын билим берүү жана билим берүүнун сапатын көзөмөлгө алган түзүмдөрдүн ийгилиги экенин белгилеп, сыйлыктар КУАУнун жетекчилигин, жалпы профессордук-окутуучулар жамаатын жана студенттерин, келечекте Кыргызстандагы жана эл аралык билим берүү чөлкөмүндөгү чоң ийгиликтерге шыктандырарын белгилеп кетти .

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть