17:47 28 января 2021

ЖАМУнун медициналык факультети Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясында таанылды

Чет элдик медициналык бүтүрүүчүлөр үчүн билим берүү комиссиясынын маалыматына ылайык, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультети Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясында (WFME) таанылды жана университеттин бүтүрүүчүлөрү USMLE Step 2 CS сынагын тапшыруудан бошотулат.

«Бул жетишкендик — жалпы окуу жайыбыздын эмгек жамаатынын кезектеги ийгилиги, баарыбыз биргеликте аткарган иш-аракеттерибиздин натыйжасы. Мындан ары да биримдикте, ынтымак менен албан-албан ийгиликтерди жаратып, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты адистерди даярдайбыз деп ишенем», - деген каалоо-тилегин ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов билдирди.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультети «Дарылоо иши», «Фармация» адистиктери боюнча студенттерди окутуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть