Ош мамлекеттик университетинин базасында 27-28-29-январь күндөрү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуучулар арасындагы предметтик олимпиадасы өтүп жатат.
9-10-11-класстар арасында уюштурулган олимпиаданын ачылуу аземине ОшМУдан орто кесиптик билим берүү уюмдары менен иштөө боюнча проректор Тажимамат Эркебаев катышып, окуучуларга ийгилик каалап, келечекте ОшМУнун студенттеринин катарын толуктаган билимдүү жаштардан болгула деген тилегин билдирди.
Аталган олимпиадага ОшМУнун «Билим» лицейи менен «Ыйман» гимназиясынан да окуучулар катышып жатышат.