15:03 28 января 2021

ОшМУда окуучулардын предметтик олимпиадасы өтүп жатат

27-январдан тартып Ош шаарындагы мектеп окуучулары арасында уюштурулуучу предметтик олимпиада ОшМУнун базасында өтүүдө.

Ош мамлекеттик университети өтүлүүчү жайды жана техникалык жабдууларды толугу менен камсыздап, ошону менен бирге программалык колдоо да көрсөтүп жатат.

Шаардыгы 64 мектептен 1735 окуучу 11 предмет боюнча күч сынашууда. Учурда алгачкы жыйынтыктар чыгып, катышуучулар, ата-энелер, мугалимдер кабардар болушту.

Быйылкы олимпиадага ОшМУ жаңы программалык жабдуу сунуштап, тажрыйбадан өткөрдү. Окуу жайдын порталында ар бир предмет боюнча өзүнчө баракча иштеп, дароо жыйынтыкты көрсөтүп берип турат. Баракчанын шилтемеси аркылуу каалаган колдонуучу олимпиаданын жүрүшү, жыйынтыктары боюнча кабардар боло алат. Бул программаны ОшМУнун программисттери иштеп чыккан.

Олимпиада 29-январда жыйынтыкталат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть