11:47 1 февраля 2021

Майлуу-Суудагы №2 мектепте Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү

Автор: О.Суванова

2020-жылдын 21-декабрынан 2021-жылдын 21-январына чейин Майлуу-Суу шаарындагы орус тилдүү №2 орто мектебинде кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог, профессор Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата атайын иш-чаралар өткөрүлдү.

Мектеп окуучулары иш-чарага активдүү катышты. Иш-чаранын жеңүүчүлөрүнүн аткарган иштери атайын видеослайд менен жыйынтыкталды.

9-класстардын окуучулары жат жазуу жазышса, 10- класстын окуучулары реферат жазышты. Ал эми 10-11-класстын окуучулары арасында К.Карасаевдин кыргыз элине берген «Ак батасын» көркөм айтуу менен сынак өткөрүлүп, анда 10-класстын окуучусу У.Каримов менен 11-класстын окуучусу Г.Тороева жеңүүчү болушту. Ошондой эле 11-класстын окуучулары арасында Г.Балтабаева К.Карасаевдин өмүр жолун чагылдырган презентацияда эң жакшы эмгеги менен айырмаланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть