ОшМУда «Стереотипсиз жашоо» темасында бир күндүк окуу уюштурулду.
Майыптык темасын туура чагылдырууга багытталган окууну белгилүү журналист Мэри Бекешова өттү. Ага окуу жайдын журналистика кафедрасынын жамааты, студенттер жана Медиа, коммуникация жана коомчулук менен байланыш окуу лабароториясынын кызматкерлери катышты.
Окуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосуда уюштурулган.
Өлкөдө майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди таратпоо, туура терминдерди колдонуу, майыптык темасын туура, бейтарап жана журналисттик этикага жараша чагылдырууну өздөштүрүү максатын көздөгөн окуунун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.