Баткен областына караштуу Кадамжай районундагы №11 «Исфайрам» орто мектебинде «Насвайдын, тамекинин зыяндуулугу» деген темада жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул боюнча мектептин директору Рысбаев Кубатбек билдирди.
Иш-чарада атайын бурчтар уюштурулуп, видеороликтер жасалып, 8-11-класстардын окуучуларына насвайдын, тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген зыяндуулугу боюнча маалыматтар берилди.