12:50 9 февраля 2021

ОшМУ спортчу Алтынайдын апасы үчүн 300 миң сом каражат топтоду

ОшМУда 8-февраль «Кайрымдуулук күнү» деп жарыяланып, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу, жабык имаратта өткөн Азия оюндарынын чемпиону, Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүсү, алыш жана эркин күрөш боюнча чебер Мамарасул кызы Алтынайдын апасы үчүн кайрымдуулук акциясы өттү.

Кайрымдуулук иши окуу жайдын башкы имаратында башталып, бардык факультет, колледждерде уланды. Университеттин жамааты жигердүү катышып, 300 миң сомго жакын каражат чогултуп, Алтынай Мамарасул кызына тапшырышты. Мындан сырткары, окутуучулар спортчунун электрондук эсептерине да каражат которуп жатышат.

Буга чейин социалдык тармактарда Алтынай «Апамдын боорун алмаштыруу зарыл. Ал үчүн өзүм донор болууну чечтим. Мен күрөш менен коштошпойм, машыктыруучу болуп, спорттук жолду улантам», - деп билдирген.

Спортчунун апасын Индияда дарылоо үчүн 35 миң АКШ доллары сарпталары айтылган. Кайрымдуулук иштери уланууда.

Спортчу Алтынайдын апасы жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү электрондук капчыктарга которсо болот:

СБЕРБАНК: 2202201289901528

ЭЛСОМ: 0507 27 97 07

BALANCE: 0776 30 40 503

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть