14:27 11 февраля 2021

ОшМУда флюорогра́фиялык лаборатория иштей баштады

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын базасында автоматташтырылган заманбап флюорографиялык лаборатория ачылды.

Акыркы үлгүдөгү зыяндуулугу аз флюорография аппараты ОшМУнун каражатына Россиядан сатып алынды. Заманбап лабораторияда бир күндө 60га жакын бейтап текшериле алат.

Буга чейин ОшМУнун студенттери, окутуучулары шаардагы башка медициналык мекемелерден кезек күтүп, өтүп келишкен. Эми бул көйгөй чечилип, университеттин өзүнүн лабораториясынан акысыз пайдалана баштады.

Учурда окуу жайдын программисттери флюорографиялык лабораториянын маалыматтык базасын AVN автоматташтырылган башкаруу системасына туташтыруунун үстүндө иштеп жатышат.

Жакынкы күндөрү ОшМУнун медициналык клиникасынын базасында көп тармактуу диагностикалык лабораторияны ишке киргизүү пландалып жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть