15:00 12 февраля 2021

ОшМУнун ректору Ак-Буура кампусунан кабар алды

Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Кожобеков окуу жайдын административдик чарба иштери боюнча департаментинин директору А.Зайнидинов менен биргеликте Ак-Буура кампусунан кабар алды. Андагы бир катар факультеттердин санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга даярдыгы, курулуш иштери, жаңы ишке берилген от казан, жылуулук системалары жана технопарктагы жазгы жашылдандыруу жараяны менен таанышты.

Ректор медицина факультетинде курулуп жаткан 2 окуу имаратын бүтүрүп, тез арада пайдаланууга берилүүсүн дайындады.

Быйыл Медициналык колледжи, табият таануу жана география, теология факультеттеринин жылуулук системасы бириктирилип, жаңы от казан колдонууга берилген. Ошондой эле Медициналык колледжинин жылуулук системасы да толугу менен алмашылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть