URANA Fashion week-2021 мода жумалыгы Кыргызстанда төртүнчү ирет өттү.
Бул эл аралык жана ата мекендик дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана сүрөтчүлөрдүн катышуусунда өткөн Кыргызстандагы мода тармагындагы эң ири маданий иш-чара болуп саналат. Уюштуруучулары — НИСА коомдук фонду жана «Подиум Кыргызстан» мода журналы.
Иш чаранын максаты — Кыргызстандын мода индустриясын, жеңил өнөр жайын жана костюм искусствосун колдоп, алдыга жылдыруу.
Гуманитардык-технологиялык колледждин «Кийимдин дизайны жана технологиясы» кафедрасы иш-чарага 2-жолу катышты.
ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин КМТШИ-19(9) тайпасынын студенти Субанова Карлыгач «Бурана-2021» эл аралык мода жумалыгында Кыргызстандагы колледждерден жалгыз жана катышуучулардын арасынан эң жаш дизайнер болду.
Мода жумалыгына Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана Дубай өлкөлөрүнүн дизайнерлери катышты.