10:45 17 февраля 2021

ОшМУда окуу жайдын улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

2021-жылдын 16-февраль күнү ОшМУнун башкы имаратында «ОшМУнун улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуусунун учурдагы абалы жана келечеги» деп аталган семинар өттү.

Университеттин улуттук жана эл аралык рейтингдер бөлүмүнүн башчысы Эрлан Камалов жана Окуу-информациялык департаментинин директору Руслан Арапбаев QS глобалдык рейитингинин критерийлери жана талаптары, «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги-2021» улуттук жана «IAAR Eurasian University Rankings-2021» эл аралык рейтингдеринин базасына маалыматтарды тиешелүү структуралык бөлүмдөр менен биргеликте иш алып баруу тажрыйбалары боюнча баяндама жасашты.

Катышуучулар улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуу үчүн талап кылынган шарттарга ылайык маалыматтарды топтоо, талдоо жана базага жүктөө боюнча маалыматтарды алышты.

Семинарга факультеттерден, колледждерден рейтингге байланыштуу маалыматтарды топтоп, базага жүктөөгө жооптуу кызматкерлер, декандардын илимий жана эл аралык байланыштар боюнча орун басарлары, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчилери, окутуучулар катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть