Ош технологиялык университетинде 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Алгач салтанаттуу жыйындын ачылышында ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, ОшТУнун профессору Мурзабек Сагыналиев жана ОшТУнун бириккен профсоюз комитетиин төрагасы Улукбек Мамытов майрамдык куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Билим берүүдѳ татыктуу эмгектенген алдыӊкы мугалимдерге Ош шаардык мэриясынын, окуу жайдын ардак грамотасы жана ОшТУнун бириккен профсоюз комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.