13:49 22 февраля 2021

КМКТАУда «Тилибиз — биздин дилибиз» аттуу онлайн иш-чара болуп өттү

2021-жылдын 20-февралында КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө карата «Тилибиз — биздин дилибиз» деген аталыштагы онлайн иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын башчысы, филолгия илимдеринин кандидаты, доцент М.Карыбекова ачып, ар бир улуттун байлыгы — анын эне тили, ошондуктан эне тилди кылымдарга сактоо ар бирибизден көз каранды экендигин белгиледи.

Аталган иш-чара эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндө дүйнө тилдери боюнча маалыматтар берилип, башка улуттун өкүлдөрү өз мекени, тили тууралуу кыргыз тилинде долбоор-презентация көрсөтүштү.

Жыйынтыгында комиссиянын чечими менен 1-орунду Пзэ-3-20 тайпасы, 2-орунду ТДТ-1-20 тайасынан Ли Диана (Корея мамлекети жана анын тили тууралуу презентация) 3-орунду Л-1-20 тайпасынан Джансай Саида (дунган тили жана маданияты тууралуу презентация) ээлешти. Ал эми автордук ырлар боюнча ПЗ-1-20 тайпасынын студенти Б.Нурланов мыкты деп тыбылып, ардак грамоталар менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть