15:36 22 февраля 2021

ОГПИде Ооган ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду

Мындан туура 32 жыл мурун 1989-жылдын 15-февралында Ооган согушу аяктап, Советтик аскерлер Афганистандан чыгып, өз мекенине кайтышкан. Мекен үчүн кызмат өтөгөн жоокерлердин эмгегин даңктоо жана аларды эскерүү максатында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ооган ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууга окуу жай жетекчилиги жана студенттер катышты.

Оңой айтылбаган 10 жылдык апаат согуштун кесепети кыргыз элине да тийип, Кыргызстандан 7000ден ашуун жоокер барып, 259у курман болсо, 1500дөй жоокер ар түрдүү жаракат алып, 600гө жакыны майып болуп кайтканы айтылат. Дал ушул Ооган согушунун отун кечкен ардагер Ысматилла агай согуш талаасы тууралуу ой бөлүштү.

Жолугушуунун жүрүшү абдан кызуу уланды. Анткени жаштарды кызыктырган суроолорго каармандарыбыз өзгөчө дем менен, өзгөчө сүр менен жооп беришип, эркин форматта маек курушту.

Каныбек Халиков — Ооган согушунун катышуучусу. Оор тагдырга туш кылган бул күндөрдү эскерүү оңой эмес экенин жана андай согуш талаасын көрүү мындан кийин башкаларга буюрбашын каалайт. Ошону менен бирге согуш бүткөндөгү толкундоо сезими өзгөчө күч, сөз менен жеткире алгыс баалуу сезим экенин айтат.

Ооган согушу далай адамдардын жүрөгүнө өчпөс дак калтырды. Аны эскерип гана тим болбостон, ардагерлерге социалдык жардам жана материалдык колдоо көрсөтүп, алардын мекен үчүн жасаган эмгектерин даңазалап жүрүү биздин милдет экени талашсыз.

Андыктан бүгүңкү майрамдын урматына, ардагер агайларыбызга окуу жай жетекчилиги тарабынан 5000 сомдон сый акча берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть