Ош технологиялык университетинин «Физика жана энергетикалык машина куруу» кафедрасынын окутуучулары, «машина куруу» жана эксперименталдык «энергетикалык машина куруу» багытындагы студенттер Андижан машина куруу институтуна окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде барып, окуу жай менен кенен таанышып келишти.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү. Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.