Ош технологиялык университети Ош шаарындагы «Кыргыз Унаа Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому менен келишимдин негизинде тыгыз иш алып барууда.
Аталган ишканада окуу жайдын «Физика жана энергетикалык машина куруу» кафедрасынын «Машина куруу» жана эксперименталдык «Энергетикалык машина куруу» багытындагы студенттерге практикалык жана лабораториялык сабактарды өтүү менен бирге жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.
Ошондой эле «Кыргыз Унаа Курулуш» ишканасы менен биргеликте университеттин «машина куруу» адистигинин лабораториялык-техникалык базасын түзүү маселеси каралууда.