Ош мамлекеттик университетинин кесиптик кошуун комитети 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата ОшМУнун биринчилигин өткөрдү.
Мелдештин жыйынтыгында 45 жаштан жогорку окутуучулар арасында:
- 1-орун — Алмаз Боркулов, медицина факультетинин окутуучусу;
- 2-орун — Мурзахмат Юлдашев, Административдик чарба иштери боюнча департаменттин кызматкери;
- 3-орун — Абдылдаев Жоомарт, эл аралык байланыштар факультетинин окутуучусу;
- 3-орун — Кубаныч Жапаров — Медициналык колледждин окутуучусу.
45 жашка чейинки окутуучулар арасында:
- 1-орун — Кубанычбек уулу Нурсултан, Кара-Суу гимназиясынын директору;
- 2-орун — Байышбек уулу Тынчтык, медицинина факультетинин окутуучусу;
- 3-орун — Раимбердиев Тынар, эл аралык медицина факультетинин окутуучусу;
- 3-орун — Абдираимов Равшанбек, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу.
1-орунду ээлеген окутуучуларга велосипед, 2-орунга спорттук күрмө, 3-орунга спорттук бут кийимдер, ошондой эле ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат — жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо.