ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди.
Майрамдык иш-чара окуу жайдын «Тил илимдери» кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.
Улуттардын достугун бекемдөөгө багытталган иш-чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарын чагылдырышып, ар улуттун маданияты, каада-салты, үрп-адаттары, көркөм ырларды окуу жана элдик ырлар, бийлер тартууланып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.